Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны өсүүдө

Учурда сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция менен ооругандар да саны көбөйүп жатат

Кыргызстанда бир аптада СOVID-19 инфекциясынын 15 учуру катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаменти билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, анын ичинен Бишкек шаарында 8, Ош шаарында 4, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 учур катталган.

Мындан тышкары, республикада сасык тумоо жана  курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын саны өсүүдө.

Ыкчам маалыматтар боюнча 2024-жылдын 9-жумасында (26.02-03.03.24) республика боюнча курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция  жана сасык тумоо менен 6578 учур катталган. Өткөн жумага салыштырмалуу оору 20,7%га өскөн.

Бардык учурлардын 67% 14 жашка чейинки балдар.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх