Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Спорттук иш-чара 10-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келдиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спорттук иш-чара 10-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага өлкө аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана кубок менен сыйланышат.

Катышуучулар төмөнкү салмак ченинде күч сынашат:
- эркектер арасында: 60, 66, 72, 78, 84, 90, 96, +96 кг;
- кыз-келиндер арасында: 55, 60, 66, 74, 84, +84 кг.
 

Белгилей кетсек, аталган республикалык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх