Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Филадельфияда жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мекенине алынып келинди

«Жүк-200» Кыргызстанга 8-март күнү эртең менен келген

Филадельфияда жол кырсыгынан каза болгон эки жаш кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Элчилиги жана АКШдагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тиешелүү иштер ыкчам түрдө уюштурулганын билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон билдиришкендей, “Жүк-200” Кыргызстанга 2024-жылдын 8-мартында эртең менен,"Манас" эл аралык аэропортуна жеткирилген.
Эскерте кетсек, 3-мартта Филадельфия шаарында үч унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жарандары — 22 жаштагы Б.А. жана 21 жаштагы Э.Т. каза болгон.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх