Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Притон-Көпөлөк» аттуу профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө 20 жаштагы жаран баңги зат менен кармалды - видео

Ал баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектелүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын 4-мартында «Притон-Көпөлөк» аттуу профилактикалык иш-чаралардын алкагында Матыев көчөсүндө белгисиз адам өзүнүн жүрүм-туруму менен милиция кызматкеринин көңүлүн бурган.

Ыкчам кызматкерлери тарабынан 2004-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран кармалып, ал өз ыктыяры менен белгисиз зат кошулган кара термосту берип, тиешелүү экспертиза дайындалды. Корутундуга ылайык, изилдөөгө берилген зат «Параметилэфедрон» психотроптук заты болуп, анын жалпы салмагы 1,5 граммды түзгөн. Андан ары шектүү баңги затынын жалпы салмагы 45,33 граммды түзгөн сактоочу жайларды көрсөткөн.

Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан . Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

2004-жылы туулган жаран Т.Н. кылмышка шектелип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх