12-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт
Өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу
2024-жылдын 12-мартында турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу саат 9.00дөн 18:00 гө чейин берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Өчүрүү району: Анкара көчөсү – Горький көчөсү, Аламедин суусу, темир жол менен чектешкен тилкемеде жана Октябр көчөсүндө.
Ичүүчү сууну өчүрүү «ХБО» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.
Фото WWW