Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркиядагы мелдеште Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы 3-орунду ээледи

Ата мекендик спортчулар 1 алтын жана 2 коло медалга татыды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Түркияда өткөн «Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan» аталышындагы спорттук күрөш боюнча эл аралык мелдешинин жыйынтыгы менен 3-орунду ээледи.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, ата мекендик спортчулар 1 алтын жана 2 коло медалга татыды.
Биринчи орунга 166 упай менен Иран чыкса, экинчи орунду 107 упай менен Түркия, Кыргызстан 97 упай алып, 3-орунга чыкты.

Бул мелдеште Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын медаль, Афтандил Таалайбек (63 кг) жана Үзүр Жусупбеков коло байге утту.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх