Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Швейцария Кыргызстандагы клиникаларга 43 миллион сомдук компьютерлерди белекке берди

Жабдуулар Кыргызстандын түштүгүндөгү жана Бишкек шаарындагы ҮДТларга бөлүштүрүлдү

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун техникалык жабдууну колдоо үчүн КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге 320 компьютер, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо (UPS), ошондой эле Касперский лицензияларын тапшырды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул IT жабдуулар Кыргызстандын түштүгүндөгү жана Бишкек шаарындагы 228 баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмуна өткөрүлүп берилди.

Жабдуулар «Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоору аркылуу берилди. Долбоор сапаттуу баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана сергек жашоо образын жайылтуу аркылуу Кыргызстандын калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган. Бул долбоор буга чейин Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган жана азыркы этапта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

Бул долбоордун 1-фазасын ишке ашыруунун алкагында 2018-жылдын январынан 2022-жылдын июнь айына чейин Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына электрондук саламаттыкты сактоону киргизүү үчүн 419 компьютер жана 358 принтер, ошондой эле электрондук ден соолук борбору үчүн 2 сервер сатылып алынган.

Сүрөт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх