Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Capital Group компаниясынын ээси Павел Тё издөөгө алынды

Ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деп шектелүүдө

Россиялык ишкер, Capital Group компаниясынын ээси Павел Тё К. Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганына байланыштуу издөөгө алынганын УКМК билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, кылмыштуу чөйрөдө «Паша кореец» деген ат менен таанылган Павел Тё Кыргыз Республикасынын аймагында колдоо жана көзөмөлгө алуу жана биргелешкен бизнес жүргүзүү максатында кылмышкерлердин өкүлдөрү менен, тактап айтканда, Көлбаев менен байланыш түзгөн. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Азим Рой (криминалдык чөйрөлөрдө К.Асанбектин «өкүл атасы» катары белгилүү - оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон Руслан Чалдоварский).
«Ошол эле учурда П.Тё К.Асанбектин кылмыштуу абалын билип туруп, Кыргыз Республикасынын аймагында анын кыймылсыз мүлкүн курууга акчалай жардам көрсөткөн. Мындан тышкары, П.Тёгө карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, сот органынын чечими менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн ага издөө жарыяланган. Учурда Т.П.В.ны эл аралык анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө издөөгө салууга карата иштер жүргүзүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.


Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх