Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 124 автобустун айдоочусу жол эрежесин билүү боюнча сынактан өтпөй калды

Экзаменден өтпөй калгандарга кайра тапшырууга мүмкүнчүлүк берилди

Бишкекте 124 автобустун айдоочусу жол эрежесин билүү боюнча сынактан өтпөй калды.

Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Жол кайгуул кызматы боюнча жалпысынан 222 айдоочу сынактан өтүп, анын 98и гана ийгиликтүү өткөн. Экзамендин жыйынтыгы боюнча жол инспекторлору профилактикалык баарлашуу өткөрүштү. Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто жол коопсуздугун камсыз кылуу жана кырсыктарды болтурбоо боюнча талаптарга өзгөчө көңүл бурулду. Экзаменден өтпөй калгандарга кайра тапшырууга мүмкүнчүлүк берилди.

Сүрөт Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх