Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров гандболчу Талант Дүйшебаев менен жолугушту

Президент гандболго өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын белгиледи

Президент Садыр Жапаров гандболчу жана машыктыруучу Талант Дүйшебаев, ошондой эле жубайы Ольга Шишкина менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Талант Дүйшебаевдин ийгилиги жаштарга, келечектеги спорт чемпиондору үчүн үлгү экенин айтты.

Ошондой эле мамлекет спортко өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. 2020-жылы спорт тармагына бөлүнгөн бюджет 802 миллион сомду түздү. Ал эми 2024-жылга бекитилген бюджет 1 миллиард 800 миллион сомду түзөт. Президент Кыргызстандын бардык аймактарындагы спорт мектептерине биринчи жолу керектүү спорттук шаймандарды, анын ичинде гандбол топторун, ошондой эле дары-дармектерди жана витаминдерди сатып алууга 60 миллион сом бөлүнгөнүн баса белгиледи.

 

 

Мамлекет башчысы гандболго өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын баса белгиледи. Ал биргелешкен аракеттер менен Кыргызстандын спортчулары да жакынкы күндөрү ар кандай деңгээлдеги чемпионаттарда өздөрүн көрсөтө башташат деген ишенимин билдирди. Садыр Жапаров Талант Дүйшебаевдин ийгилиги кыргыз элинин ийгилиги экенин баса белгиледи. Мындан тышкары, сүйлөшүүдө президент спорттук ийгиликтерге жетүүдөгү үй-бүлөнүн ролуна токтолуп, гандбол боюнча дүйнө чемпиону болгон жубайы Талант Дүйшебаевдин колдоосун белгиледи.

Сүрөт президенттин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх