Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Нооруз-2024 көк бөрү турнири башталды

Мелдештин расмий ачылышы 15-мартка белгиленген

Бишкектеги «Ак-Кула» ипподромунда «Нооруз-2024» республикалык көк-бөрү турнири башталды.

Быйылкы оюндар төрт лигага бөлүнөт:

- Жогорку лига, 6 команда;
- Биринчи лига, 12 команда;
- Экинчи Лига, 16 команда;
- Легендалар лигасы, 6 команда.

Турнирдин биринчи күнү экинчи лиганын оюндары менен башталды. Анда 16 команда төрт топко бөлүнгөн. Легендалар (ардагерлер) жана биринчи лига оюндары 15-мартта башталат. Ал эми 16-марттан баштап жогорку лига.

Турнирдин расмий ачылыш аземи 15-мартка, финалдык оюндар Нооруз майрамынын урматына 21-мартка белгиленген.

 

Көк бөрү федерациясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх