Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

14-мартта Бишкектин бир бөлүгү суусуз калат

Жарандарга ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусун суранышат

14-мартта Бишкектин бир бөлүгү суусуз кала турганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, «Алтын- Ордо», «Кара-Жыгач» жана «Полицейский городок» аймагында таза суу берүү токтотулат.  Ошондой эле өчүрүү аймак төмөнкү  көчөлөр менен чектелет: Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү -  темир жол.


Өчүрүү « Контррезервуар» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.


Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх