Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэри Эл аралык хоккей федерациясынын делегациясын кабыл алды

Ушул күндөрү Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Эл аралык хоккей федерациясынын делегациясын кабыл алганын муниципалитет билдирди.

Делегациянын курамында Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөсү, Эл аралык бадминтон федерациясынын биринчи вице-президенти, филантроп айым Лисвадтракул Кхун Ин Патама, Крань шаарынын мэри, Словениянын хоккей федерациясынын президенти Раковец Матьяж, «Инфронт» компаниясынын жетекчиси Блаттер Филипп, «Инфронт» компаниясынын биринчи вице-президенти Марти Бруно, турнирдин төрагасы, Швециянын хоккей федерациясынын президенти, Швециянын УОКтун вице-президенти, Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин мүчөсү Ларссон Андерс, Эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти жана кеңешинин мүчөсү Оморканов Айваз жана Кыргыз Республикасынын шайба менен хоккей федерациясынын президенти Оморканов Анвар кирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар спорттун шаарды өнүктүрүүнүн элементи катары маанилүүлүгүн, ошондой эле Бишкекте 3-дивизиондук Дүйнө чемпиондугун ийгиликтүү уюштурууну талкуулашты.


Айбек Жунушалиев борбор калаанын мэриясы биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды алдыга жылдырууга өзгөчө маани берерин белгилеп, Лисвадтракул Кхун Ин Патама айымды бул багытта биргелешип иштөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат.


Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх