Сосновка постунда жана Өтмөк ашуусунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Чаралар аба ырайынын начарлашына байланыштуу көрүлдү
Чүй облусундагы «Сосновка» постунда жана Талас районундагы ашууда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди.Бул тууралуу КР ИИМдин ЖККК башкы инспекциясынан билдиришти.
Аталган башкармалык алыскы сапарга чыга турган айдоочуларды аралыкты жана жол коопсуздугун сактоону суранат.
Чектөө качан алынары тууралуу кошумча маалыматты ЖККК боюнча мамлекеттик инспекциясы берет.
Сүрөт ЖККК боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматынан
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз