Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көк-Жар кичи районунда зебрадан үч жөө жүргүнчүнү сүзүп кетишти

Жарандар ал жерге эстакада курууну же светофор орнотууну талап кылышууда

Борбор калаанын Көк-Жар кичи районунда үч жөө жүргүнчүнү автоунаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтынын редакциясына окуяга күбө болгондор билдирди.

Алардын айтымында, окуя 13-мартка караган түнү айланма жолдун жанындагы жөө адамдар өтүүчү жолдон(зебрадан) болгон.

Аталган аймактын жашоочулары ал жер өтө кооптуу болгондуктан, ал жерге эстакадалык өтмөк курууну же светофор орнотууну талап кылышууда.

«Бул жерден өткөн сайын биз өз өмүрүбүз үчүн коркуп, стресске кабылабыз. Анткени айдоочулар орой мамиле кылышат, жол беришпейт, сигналын катуу басышат, өтө жакын айдашат, сөгүнүшөт, жөө адамдар өтүүчү жерден айдашат. Бизге адамдар үчүн коопсуз шаар керек! Ошондой эле өтмөктөрдөн жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй койгондор үчүн жазаны күчөтүүнү суранабыз. Мындай жерден өткөн сайын стресске кабылам. Жөө адамдар өтчү жерден өтсөм дагы өзүмдү коопсуз сезбейм. Мындай айдоочуларга катуу чара көрүп, эстакадаларды куруп берүүңүздөрдү суранам», - деди шаар тургуну.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх