Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Хоккей боюнча дуйнөнүн чемпионаты. Кыргызстандын курама командасы Түркмөнстанды утуп алды

Беттеш 7:5 эсеби менен аяктады

Бишкекте өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Түркмөнстандын курама командасын жеңип алды.

Бир күн мурун үчүнчү дивизиондун «А» тайпасынын командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын үчүнчү айлампасы болуп өттү. Кыргызстандыктар Түркмөнстан менен беттешип, 7:5 эсебинде эрктүү жеңишке жетишти.

Үч турдун жыйынтыгы менен Кыргызстандын командасы 6 упайга ээ болуп, турнирдик таблицада 2-орунга ээ болду.

Эскерте кетсек, ачылыш оюнунда ата мекендик команда Тайландга утулуп (4:9), 2-турда Люксембург курамасын 7:3 эсебинде утуп алган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх