Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкек шаарынын тургунун шантаж кылып, опузалап акча талап кылган

Буга чейин ал кармоо учурунда милициядан качып кеткен

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү пара талап кылгандыгы үчүн кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 34 жаштагы С.А. Бишкек шаарынын тургунун шантаж кылып, опузалап акча талап кылган.

«Жабырлануучунун карызы тууралуу билген С.А. үйүнө келип, физикалык күч колдонуу менен коркута баштаган. Ошентип кол салган адам 65 миң сомго жакын акча алган. Бирок ал муну менен токтоп калбастан, дагы 100 миң сом талап кыла баштаган. Шектүү 30 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Бирок андан кийин ал качып кетүүгө үлгүргөн», — деп билдирди ИИМ.

С.А. КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалоо» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн.

 

Сүрөт Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх