Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров 2034-жылга чейин Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду

«Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү системалуу жана комплекстүү мамилени талап кылат»

Садыр Жапаров “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жарлыктын негизги максаты калктын түрдүү катмарын үзгүлтүксүз футболдук иш-чараларга массалык тартуу үчүн оптималдуу шарттарды камсыз кылуу, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, профессионалдык футболду өнүктүрүү, жаштардын сергек жашоого умтулуусу.

Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү системалуу жана комплекстүү мамилени талап кылары белгиленген. Буга байланыштуу жарлыкта министрлер кабинетине Кыргыз футбол союзу менен бирдикте 2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук комплекстүү программасынын долбоорун даярдап, бекитүүгө киргизүү тапшырылган.

«Программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу бул чөйрөдө орун алган көйгөйлөрдүн оптималдуу чечими болуп саналат. Комплекстүү мамиле футболду өнүктүрүүнүн бардык аспектилерин эске алууга, белгилүү бир иш-чаралардын приоритеттерин аныктоого, мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүүгө, коомдук уюмдардын жана коммерциялык уюмдардын катышуусун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мындай мамиле программалык иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатат», — деп айтылат жарлыкта.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх