Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шереметьеводо кармалып калган 40 кыргызстандык мекенине кайтарылды

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аларга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Шереметьево аэропортунда кармалып калган кыргызстандыктар тууралуу маалыматка комментарий берди.

«26-мартта КРнын РФдагы элчилигинин кызматкерлери кайрадан аталган аэропортко барып, анын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери жана «Аэрофлот» авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушушту . Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргыз Республикасынын жарандары тамак-аш жана суу менен камсыз болуп жатканын жеринде аныкталды. Учурда 40 мекендешибиз мекенине жөнөтүлүүнү күтүп жатышат. Бул жарандар Кыргыз Республикасына жакынкы авиакомпаниялардын каттамдары менен жеткирилет», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Бул маселе КР Тышкы иштер министрлиги менен КР Россия Федерациясындагы элчилигинин көзөмөлүндө, деп кошумчалады мекеме.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Москвага учуп келген кыргызстандыктар Шереметьево аэропортунда эки күн тамак-ашсыз камалып жатканы тууралуу маалымат чыккан. Алардын биринин айтымында, ар кимдин манжа издери алынып, мазмуну белгисиз болгон кагаздарга кол коюуга мажбурланган. Алардын телефондорун да бир нече саат текшеришкен.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх