Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте карызы барлардын электр жарыгы 28-мартта өчүрүлөт

Карызкорлордун арасында 6,2 миңден ашык абонент бар

28-марттан тарта электр акысын өз убагында төлөбөгөн бишкектиктердин электр жарыгы автоматтык түрдө өчүрүлөт.

Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, карыз болгондордун арасында 6,2 миңден ашык абонент бар.

Тургундарга төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү суранышат. Абоненттер өздөрүнүн жеке кабинети тууралуу маалыматты компаниянын сайтындагы «Абоненттик баланс» бөлүмүнөн жана «Менин жарыгым» мобилдик тиркемеси аркылуу биле алышат. Мындан тышкары, абоненттер балансын төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү иштеген Call-борборго чалып биле алышат:

1209;
105;
0772/0702/0556 00 12 09;
же 0556 00 12 09 номерине WhatsAppтан жазыңыз.

Сиз электр энергиясына төлөмдөрдү төмөнкү жолдор аркылуу төлөй аласыз:

- Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSTS (Kassa-24), Megacom, “О!”, “Оной” төлөм терминалдары;
- «О!», MegaPay, UMAI, «Элсом» электрондук капчыктары аркылуу;
- РСК Банктын, Керемет Банктын, ДосКредоБанктын, Бакай Банктын, Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАНдын, Халык Банктын, КIСВ Банктын, Оптима Банктын, ошондой эле Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын кассаларында.

Бардык төлөмдөр реалдуу убакыт режиминде кабыл алынат, башкача айтканда, төлөм маалыматы сиздин жеке эсебиңиздин статусун автоматтык түрдө жаңыртат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх