Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Убактылуу кармоочу жайда кармалган адамдын өз жанын кыйышы. Бул тууралуу Акыйкатчы институту маалымат берди

Ал камерада видеокөзөмөл болгон эмес, ал эми убактылуу кармоочу жайдын башка камераларында бар болчу

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 2-апрелде кармалган жаран өз камерасында асынып алган Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына барышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

КРдин Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылуу үчүн тез арада чара көрүүгө чакырат. Ошондой эле, Акыйкатчы убактылуу кармоочу жайда адам укуктарынын бузулушуна жол берген кызматкерлерге чара көрүү зарылдыгына көңүл бурат. 

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери 3-апрелде Сокулук райондук убактылуу кармоочу жайда мониторинг жүргүздү. 2-апрелде ЖМКларда Б.У. аттуу кармалган жаран асынган абалда табылганы тууралуу маалымат чыккан. 

Институттун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайдыгы Б.Унун сөөгү табылган камераны карап чыгышты. 

Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган Б.У. нун камерасында белгиленген эреже боюнча коюлуучу видео байкоо болгон эмес.   

Белгилей кетсек, аталган убактылуу кармоочу жайдын башка камераларында видео байкоо болгон. 

Милиция институттун кызматкерлерине Б.У нун убактылуу кармоочу жайында эмне себептен кармалып турганын айтышкан. 

Милициянын маалыматына ылайык, УКЖда кармалып тургандар, анын ичинде У.Б. дагы 2024-жылдын 1-апрелинде РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаардык №1 тергөө изоляторуна которулмак. 

Бирок, анын өздүгүн тактаган документтери жок болгондуктан, №1 тергөө изоляторуна кабыл албай койгон. 

РИИБдин маалыматты боюнча бул системалык көйгөй. Б.У. башка кармалып турган жарандар менен бирге РИИБдин убактылуу кармоочу жайына кайтарылган. 

Кийинки күнү башка кармалып тургандар сотко кеткенде, Б.У камерада калган. Бир аз убакыттан кийин аны асынып турган абалда табышкан. 
 
“Убактылуу кармоочу жайда адам укуктарынын сакталышына тийиштүү көзөмөлдү жана контролду камсыздоо мамлекеттик бийлик органдарынын негизги функцияларынын бири болуп саналат”,- деп баса белгиледи Акыйкатчы.

Фото: Омбудсмендин басма сөз кызматынан

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх