Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык өспүрүм шахмат боюнча эл аралык турнирде күмүш медаль алды

Ташкентте 18 өлкөдөн келген 240тан ашык шахматчы катышкан турнир өттү

Кыргызстандык Элдияр Орозбаев Өзбекстанда өткөн шахмат боюнча эл аралык мелдештин күмүш медалынын ээси болду.

Өзбекстандык биринчи гроссмейстер Г.Т. Агзамовтын жаркын элесине арналган 17-салттуу эл аралык турнир 3-апрелде Ташкентте аяктады. Турнирдин байге фонду 25 миң долларды түзүп, мелдешке 18 өлкөдөн 240тан ашык шахматчы катышты.

Кыргызстандык 17 жаштагы ФИДЕ мастери Орозбаев Элдияр жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп, «А» турниринин күмүш медалынын ээси болду. Мелдеште ФИДЕ рейтинги 2000 жана андан жогору болгон 92 шахматчы, анын ичинде 15 гроссмейстер, 13 эл аралык мастерлери жана 17 ФИДЕ мастерлери катышты.

Элдияр 10 упайдан 7,5 упай топтоп, экинчи орунду ээледи.

Жеңишти индонезиялык гроссмейстер Мегаранто Сусанто жеңип, 8 упайга ээ болду. Ирандык гроссмейстер Данешвар Бардия 7 упай менен үчүнчү орунду ээледи.

 

Ошондой эле Кыргызстандан “А” турнирине төмөнкүлөр катышты:

Магай Владимир (ИМ) - 5 упай топтоп, 43-орунду ээледи
Жээнбеков Нургазы - 4,5 упай топтоп, 61-орунду ээледи
Эсенбек уулу Илимбек - дагы 4,5 упай топтоп, 67-орунду ээледи
Шаршенбеков Эмир - 3 упай алып, 84-орунга ээ болду.

«В» турнири 2000-жылга чейинки ФИДЕ рейтинги бар 155 катышуучуну бириктирди. Кыргызстандын шахматчыларынын жыйынтыгы:

Уркеев Нурсултан – 7 упай топтоп, 10-орунду ээледи
Курбанбаев Залкар - 6,5 упай топтоп, 24-орунду ээледи
Момуналиев Руслан – 6,5 упай топтоп, 25-орунга ээ болду
Пак Вадим - 5,5 упай топтоп, 51-орунду ээледи
Тешебаев Жумабай - 4,5 упай алып, 109-орунга ээ болду

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх