Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Активист Зарина Төрөкулова сот залынан камакка алынды

Шаардык сот өкүмдү өзгөрттү

Бишкек шаардык соту активист Зарина Төрөкулованын иши боюнча пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарды. Чогулуш бүгүн болуп өттү.

Шаардык сот мурунку инстанциянын өкүмүн өзгөртүп, активист сот залында камакка алынган.

Эске сала кетсек, Зарина Төрөкулова былтыр августта Олжобай Шакирдин видеосун кайра жарыялаганы үчүн кармалган. Ал укук коргоо кызматкерлерине активдүү баш ийбөөгө чакырыктар, массалык баш аламандыктар жана бийликти басып алуу аракети үчүн айыпталган.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Биринчи Май райондук соту Зарина Төрөкулованы үч жылдык сыноо мөөнөтү менен беш жылга эркинен ажыраткан. Анда активист сот залынан бошотулган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх