Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев: Матраимовдон 200 миллион долларлык мүлктү алышыбыз керек

«Ал буга чейин 60 миллион долларлык мүлктү өз ыктыяры менен өткөрүп берген»

Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун 200 миллион долларлык мүлкүн мамлекет тартып алышы керек.Бул тууралуу бүгүн журналисттерге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, Матраимов буга чейин 60 миллион долларлык мүлктү өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

«Өткөн шаршембиде Матраимовдун бир кеңсесин 16 миллион долларга саттык, бул 1 миллиард 400 миллион сомго жакын. Менин эсебим боюнча, Матраимовдон бизде тизмеси бар мүлктөрдү өз ыктыяры менен же сот аркылуу тартып алып, 200 миллион долларга жакын акчаны мамлекетке өткөрүп беришибиз керек», - деди Ташиев.

Эске сала кетсек, Райымбек Матраимов 25-мартта Бакуда кармалып, 26-мартта кечинде Бишкекке алынып келинген.

УКМК ага 26-январда издөө салган.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Бишкекте Азербайжандын 5 жараны - УКМКнын маалыматы боюнча, мамлекеттин жогорку кызмат адамдарына кол салуу аракетин даярдап жаткан эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Атайын кызмат жалданма аскерлердин Бакуда жүргөн Райымбек Матраимов менен байланышы бар экенин да билдирген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх