Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде алтын тагынды

Ал азыркы дуйненун чемпионун утуп алды

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов АКШда өткөн 2024 TYR Pro Swim Series турниринде алтын медаль тагынды.

Мелдеш Сан-Антонио шаарында (Техас, АКШ) өтүп жатат.

11-апрелде 62 спортчу катышкан 100 метр аралыкка брасс жарышында кыргызстандык 1 мүнөт 0,49 секунд жыйынтыгы менен финалга чыккан. Финалдык сүзүүдө Петрашов 59,83 секунд жыйынтыгын көрсөтүп, биринчи орунду ээледи.

Экинчи орунду азыркы дүйнөнүн чемпиону АКШдан келген Ник Финк (1 мүнөт 0,03 секунд) ээледи.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх