Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга Орусиядан дээрлик 400 тонна гуманитардык жардам келди

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу өлкөнүн түштүгүндөгү калкка бекер жардам көрсөтүлдү

Кыргызстанга Орусиядан дээрлик 400 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Орусиянын Бишкектеги элчилиги билдирди.

Анын айтымында, гуманитардык жардамда 337,5 тонна байытылган буудай уну жана 60,7 тонна өсүмдүк майы бар. 398 тонна азык-түлүктүн кезектеги партиясы Ош шаарына жеткирилди.

«Тамак-аштын кезектеги партиясы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БДП) аркылуу өлкөнүн түштүгүндөгү калкка Россия Федерациясы тарабынан бекер берилди. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Ош шаарындагы кампасына 398,2 тонна азык-түлүк жеткирилди», - деп айтылат маалыматта.

 

Белгиленгендей, азык-түлүк жардамы республиканын түштүк аймактарында Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынган долбоорлорго катышканы үчүн сыйлык катары республиканын калкынын азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу максатында бөлүштүрүлөт.

«Долбоорлордун арасында ирригациялык тармактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо, бак-дарактарды отургузуу жана жаратылыштын коркунучтарын азайтуу максатында дарыя жээктерин бекемдөө, айыл жергесиндеги көпүрөлөрдү жана дренаждык системаларды куруу, калктын жашоо тиричилигин өнүктүрүү үчүн потенциалды жогорулатуу жана алдыңкы айыл чарба тажрыйбаларын окутуу кирет», - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Сүрөт: Россия элчилигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх