Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көлбаев менен Матраимовдун конфискацияланган мүлктөрү аукционго коюлду

Электрондук аукцион аркылуу 10 объект сатылууда

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мурдакы кримавторитет Камчы Көлбаев менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн аукционго койду.

Электрондук аукцион аркылуу 10 объект сатылууда:

  1. Бишкек шаарындагы турак эмес коммерциялык жай, аянты 181,1 кв.м (Рыскулов көчөсү, 79б). Баштапкы баасы 38,6 млн сом.
  2. Арашан айылындагы Салкын-Төр турак жай комплексинен (800 кв.м) жер тилкеси. Баштапкы баасы 6,2 миллион сом.
  3. Жер участогу (39,9 миң кв.м) Чолпон-Ата шаарынын курорттук аймагынан. Баштапкы баасы 142,6 млн сом.
  4. Чүй районунун Орто-Сай айылындагы Солнечная көчөсүндөгү жер тилкеси (5324 кв.м.). Баштапкы баасы 92 миллион сомду түзөт.
  5. Жер тилкеси (2443 кв.м.) Бишкек шаарынын Токтоналиева көчөсү, 88. Баштапкы баасы – 58,3 млн сом.
  6. Жер тилкеси (600 чарчы метр) Бишкек шаарынын Токтоналиева көчөсү, 94. Баштапкы баасы – 17,8 млн сом.
  7. Ош шаарынын Аматов көчөсүндөгү бир бөлмөлүү батир (52 кв.м) мансардалуу (57,8 кв.м), 1. Баштапкы баасы – 8,2 млн сом.
  8. Эки бөлмөлүү батир (60,5 кв.м) Ош шаарынын Ленин көчөсү, 938. Баштапкы баасы – 5 млн 12 миң сом.
  9. Ош шаарынын Масалиева көчөсү, 98в дарегиндеги турак эмес жай (1400 кв.м.). Баштапкы баасы 149,8 млн сом.
  10. Чолпон-Ата шаарынын үчүнчү кичи районундагы бүтө элек имараттары бар жер тилкеси (20 миң кв.м.). Баштапкы баасы 37,6 млн сом.


Арыздарды кабыл алуунун башталышы 15-апрель, ал эми акыркы күнү 29-апрель. Чоо-жайы мекеменин сайтында.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх