Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын тургунунан жарадар болгон шумкар алынды

Канаттуу "Бугу-Эне" реабилитациялык борборуна которулат

КР Жаратылыш ресурстар министрлигинин инспекторлору ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын тургунунан канаты жаралуу куш шумкарды табышты.

Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, канаттуу «Бугу-Эне» реабилитациялык борборуна өткөрүлөт.

 

Мекеме эскерткендей, Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесине ылайык, «мыйзамсыз жол менен алынган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин өлкөдөн алып чыгуу, ташуу, сактоо жана сатуу» үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган.

Сүрөт Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх