Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Футзал боюнча Азия кубогунда Кыргыз курама командасы Японияны сенсациялык түрдө жеңип алды

Жапон командасы азыр кубоктун учурдагы чемпиону

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Тайландда өтүп жаткан Азия кубогунун мелдешин жеңиш менен баштады.

Бир күн мурун тайпалык этаптын биринчи турунун беттешинде ата мекендик команда учурдагы чемпион Япония курамасы менен беттешти. Оюн 3:2 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына аяктады.

Голдорду Самат Жанат уулу, Максат Алимов жана Кайрат Кубанычов киргизди.

 

20-апрелде 2-турдун оюнунда Кыргыз курама командасы Тажикстан курамасы менен беттешет. Буга чейин тажиктер биринчи турда Кореяны 2:0 эсебинде утуп алышкан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх