Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте тез жардам кызматынын айдоочулары митингге чыгышты

Алар жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул маселесин чечип берүүнү суранышууда

Бишкекте тез жардам унаасынын айдоочулары митингге чыгышты. Алар жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул маселесин чечип берүүнү суранышат.

Митингчилердин айтымында, камералар унаа атайын сигнал менен айдап баратканда да жол эрежесин бузууларды жазып алат. Мындан улам айдоочулар 10 күндүн ичинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекцияга кайрылып, айып пулга каршы чыгууга аргасыз болууда.

Алсак, 2023-жылы борбордогу Медициналык тез жардам борборуна гана жол эрежесин бузгандыгы үчүн 2,7 миллион сом айып салынган. Ал эми жеке тез жардам унаалары айып пулдун айынан андан да көп карыз.

Митингчилерге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү жана «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрү келишти. Тез жардамдын айдоочулары аларды айып пулдан бошотууну мыйзам деңгээлинде суранышты.

 

Социалдык тармактардан алынган сүрөттөр

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх