Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эми расмий. ТикТок Кыргызстанда толук бөгөттөлдү

Мындай чечим УКМКнын катынын негизинде кабыл алынган

Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги TikTok социалдык тармагына кирүү Кыргызстанда жабылды деген маалыматты расмий тастыктады.

Башкармалык мындай чечим КР УКМКнын катынын негизинде кабыл алынганын белгиледи.

«Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы байланыш операторлоруна аталган кызматтын чектөө боюнча чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу кат жөнөткөн. Чечимдин кабыл алынышына аталган кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын “Балдардын ден соолугуна, ошондой эле балдардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” Мыйзамынын 2-1-беренесинин талаптарын аткарбагандыгы негиз болгон. Ага ылайык ден-соолукка жана балдардын өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардын түрлөрү аныкталат», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин өлкөнүн интернет-провайдерлерине санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан социалдык тармакка кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө жана 18-апрельге чейин жооп берүү өтүнүчү менен кат келгени белгилүү болгон.

Чектөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ТикТоктун кыргыз сегментинде, тактап айтканда, балдардын маалымат мейкиндигинде “контент цензурасына системалуу жана принципиалдуу мамиле жок” деген кайрылуусунун негизинде киргизилген.

Атайын кызмат “Балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамга таянат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх