Кыргызстандык үч балбан Олимпиада оюндарына лицензия үчүн ат салышат
Алар Бишкекте өткөн лицензиялык турнирде жарым финалга чыгышты
Бүгүн, 19-апрелде Бишкекте эркин күрөш боюнча Азиянын лицензиялык турнири башталды.
Биринчи күнү эркин күрөш боюнча мелдештер өтөт.
Ата мекендик балбандар Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана Орозбек Токтомамбетов жарым финалга чейин жетип, ошону менен 2024-жылкы Олимпиада оюндарына жолдомо үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Күрөш бүгүн ишке ашат. Бекзат Алмаз уулу Монголиянын өкүлү менен, Эрназар Акматалиев Кореянын спортчусу менен, Орозбек Токтомамбетов Өзбекстандын балбаны менен күч сынашат.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз