Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда

Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы медициналык мекеме Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагында жайгашат. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда.

Капсула салуу аземине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Акылбек Түмөнбаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, облустагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

 

Жалпы аянты 6,2 миң чарчы метр, 350 койкалуу оорукана беш блоктон турат, анда консультациялык-диагностикалык бөлүм, хирургиялык жана травматология бөлүмдөрү менен операциялык бөлмө, ЛОР, көз, терапевтик, онкология, балдар жана башка бөлүмдөр, ошондой эле лаборатория, ашкана, кир жуугуч, кампа ж.б. жайгашат.

Мындан тышкары, оорукананын аймагында ооруларды дарылоочу пункт, ТП, кислород станциясы, откана, автопарк, генератор орнотулат.

 

Сүрөт: Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх