Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кербен шаарындагы 23 миллион сомго бааланган борбордук базар мамлекетке кайтарылды - УКМК

Буга чейин базарды бир ишкер мыйзамсыз “басып алган”

Аксы районунун Кербен шаарынын борбордук базары мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди.

Аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, 2012-жылы аталган базар ижара келишиминин негизинде жаран Б.М. 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдалануу үчүн алган.

«Келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин Б.М. базарды коммуналдык кооператив менен сатып алуу-сатуу келишимине таянып, Кербен мэриясына ижара акысын төлөбөй койгон, бул үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен жасалма түрдө соттошуп баштаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кербен шаарынын борбордук базары, жалпы аянты 1,79 га болгон мал базар, дан базары, жайма базар жана автобазар 2003-жылдан бери Кербен шаарынын мэриясынын балансында тургандыгы аныкталган», - деп билдирди УКМК.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган жаран Б.М. базарды өз ыктыяры менен Кербен шаарынын муниципалитетине кайтарып берген. Объекттин рыноктук баасы болжол менен 23 миллион сомго бааланат.

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх