Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэрия транспорттук жол кире акысын дагы көтөрүүнү сунуштоодо

«Жаңы автобустар азыркы тариф менен өзүн актай албайт»

Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүүнү кайрадан айтып жатат.

Ошентип, бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Байгончоковдон ЕРӨБ грантынын негизинде алынган жаңы автобустар канча жылда өзүн актай турганын сурашты.

Аткаминер автобустар кыска мөөнөттө өзүн актай алышы үчүн жол кире акысын көтөрүү керек деп жооп берди.

«Учурда коомдук транспортто банктык которуу менен жол кире 17 сом, накталай 20 сом. Эгерде жол кире баасы азыркы деңгээлде кала берсе, анда автобустар өзүн актай албайт. Ал үчүн тарифти көтөрүү керек. Тарифтер 25 сом болуп, тетиктердин баасы өзгөрүүсүз, валюта курсу туруктуу болсо, балким 8-10 жылдан кийин автобустар өзүн акташы мүмкүн», - дейт Байгончоков.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх