Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттын орто билими тууралуу аттестаты жасалма экени аныкталды

Тоң районунун Болот Мамбетов айыл аймагынын Айылдык кеңешинин депутаты К.У.К.нун жасалма күбөлүк колдонуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди

Мекемеден билдиришкендей, тергөөнүн жүрүшүндө К.У.К. айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү тартибин алдын ала билип туруп, 2020-жылы Тоң районунун Төрт-Күл айылындагы Б.Мамбетов атындагы орто билими тууралуу №038000 жасалма аттестатка ээ болгондугу аныкталган. Жасалма аттестатты ал 2021-жылдын январь айында жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталып жатканда колдонгон.

Ошентип, толук орто билими жок К.У.К. Тоң районунун аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер катары мыйзамсыз катталып, кийин айылдык кеңештин депутаттыгына шайланган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүмү (Атайылап жасалма кызматтык документти колдонуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх