Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте №216 маршруткалардын ордуна автобустар жүрө баштады

Бүгүнтөн баштап бул маршруткалар линияда иштебейт

Бишкекте 29-апрелден тарта ушул номердеги маршрутканын ордуна №216 автобус каттай баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маршруттун акыркы аялдамалары Ак-Өргө жаңы конушунда жана Аламүдүн-1 кичирайонунда болот. Бул линияда 26 автобус болот, тейлөө аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт.

Мэрия коомдук транспорттордун кыймылын “Мой город” мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөй алаарын эскертти. Ар бир автобус GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган.

Учурда Кытайдан сатылып алынган автобустардын экинчи партиясы борборго келүүдө. Ал эми акырындап бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх