Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ататүрк паркында 198 объект бузулат». Депутаттар жерге мунапыс жарыялоону сунуштап жатышат

“Эл адал эмгек менен тапкан үйлөрүнөн, ажыраганы турат”

Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагында 198 объект бузулат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.

Ал эске салгандай, мэриянын маалыматы боюнча, демонтаждоо иштери 20-майда башталышы пландалууда.

«Эл адал эмгек менен турак жайга ээ болгон, бирок үйлөрү бузулганы турат. Мен коррупционерлерди коргобойм. Бирок мен мэриядан баарын мыйзам чегинде аткарууга чакырам. Бул участокторду ким менчике чыгарганын иликтеп, жоопко тартуу керек», - деди эл өкүлү.

Депутат Жалолидин Нурбаев кесиптешин колдоп, сейил бактагы үйлөрдүн жерлерине мунапыс жарыялоону сунуштады.

«Парктагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жардам сурап депутаттарга кайрылышууда. Буга чейин президент Садыр Жапаров жерге мунапыс жарыялаган. Мүмкүн муну бул тургундарга да кылсак болот? Бул үйлөрдү сатып алуу үчүн эл көптөн бери акча чогултуп, чет өлкөдө иштеп жүрүшкөн. Аларды бузуп, жашоочуларды кууп чыгуу туура эмес», - деди депутат.

Эске салсак, буга чейин Бишкек мэриясы сейил бактын аймагын аныктап, жеке менчиктеги 43 гектар жерди мамлекеттин менчигине кайтарып берерин билдирген. Ошол эле учурда мыйзамсыз объектилер сүрдүрүлүп, парктын өзү иретке келтирилерин белгилешкен.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх