Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 400дөн ашуун чет элдик студент жеткирүү кызматынан бошотулду

Борбор шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, буга чет элдик курьерлердин катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү себеп болууда

Бишкекте 2024-жылдын 12-апрелинен тарта чет элдиктерге ар кандай мыйзам бузуулар үчүн 1 миллион 248 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ чет элдик жарандардын катышуусу менен болгон жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу профилактикалык иш-чаралар, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалган укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алуу жана аныктоо максатында, ошондой эле мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу жана системалуу иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

«Жеткирүү кызматында иштеген жана мопеддер менен шаарды кыдырып жүргөн чет элдик жарандардын жол эрежесин сактоосун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле тез жеткирүү кызматтарынын жетекчилери менен КРнын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында 400дөн ашык чет элдик студенттер иштеринен бошотулду», - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, 431-беренеге (чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн же транзиттик жүрүү эрежелерин бузуу) ылайык жалпысынан 225тен ашык протокол түзүлгөн.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх