Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадиону толук оңдоп-түзөөдөн өттү

"Азыр ал толугу менен Азия футбол конфедерациясынын жана ФИФАнын талаптарына жооп берет"

Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадиону толук реконструкциялангандан кийин анын ачылыш аземи болгонун Кыргызстандын футбол союзунан билдиришти.

Анын айтымында, стадионго гибриддик аянтча төшөлүп, 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган трибуналар жабдылып, жаңыртылды, заманбап жарыктандыруу системасы орнотулуп, трибуналардын астындагы жайлар жаңыланды.

 

Стадионду реконструкциялоо иштери Жалал-Абад шаардык мэриясы менен Кыргызстандын футбол союзу тарабынан жүргүзүлдү.

«Азыр стадион толугу менен Азия футбол конфедерациясынын жана ФИФАнын талаптарына жооп берет, бул расмий эл аралык оюндарды жана турнирлерди өткөрүүгө мүмкүндүк берет», - деп белгилейт КФС.

 

“Мурас Юнайтед” футболдук клубунун үй аренасы болгон “Курманбек” стадионунун дагы бир өзгөчөлүгү – өлкөдө биринчилерден болуп калыстын видео жардамчысы (VAR) системасы орнотулат. Ошол эле учурда жаңы жарыктандыруу системасы матчтарды кечинде өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

 

 

Футбол союзу өлкөдөгү көптөгөн стадиондордо оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын, алар жыл аягына чейин бүтөрүн кошумчалады.

Фото КФС

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх