Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы "Сосновка" постунда эмне себептен тыгын пайда болгонун түшүндүрдү (видео)

Салык кызматкерлери жүк ташуучу унааларды текшеришкен

"Сосновка" постунда салык кызматкерлери жүк ташуучу унааларга рейд жүргүзүштү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдиргендей, рейд учурунда салык кызматкерлери айдоочуларды жүктүн электрондук накладнойу жок ташылып жаткан көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өткөрбөй коюшкан.

Ошол себептүү унаа тыгындары пайда болгон.

«Учурда айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жолду жабууга уруксат берилбеери маалымдалды. Кырдаал туруктуу, жол ачык», - деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх