Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында эки көчөнү капиталдык оңдоо иштери башталды

Көчөлөрдү реконструкциялоо жашоочулардын өтүнүчү менен жүргүзүлүүдө

Ош шаарындагы Жибек Жолу МТУнун №177 жана Кермет-Тоо МТУнун Чкалова көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштери башталганын мэрия билдирди.

Анын айтымында, №177 көчөнүн боюндагы объекттин жалпы узундугу 2,33 чакырымды, жолдун туурасы 9 метрди түзөт. Ошондой эле узундугу 1 чакырым, туурасы 2,25 метр болгон тротуар куруу, арык түйүндөрүн орнотуу, көчөлөрдү жарыктандыруу системаларын орнотуу пландалууда.

Чкалова көчөсүндөгү жумуштун жалпы узундугу 850 метрге жакын. Бул жерде дагы жолду толук оңдоо, тротуарды реконструкциялоо, ирригациялык тармактарды орнотуу иштери жүрүп жатат.

 

Мэрия аталган көчөлөрдү реконструкциялоо иштери жергиликтүү тургундардын көптөгөн кайрылууларына ылайык жүргүзүлүп жатканын, алар иш учурунда ар тараптан колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов иштин башталышы менен таанышып, тийиштүү деңгээлде жана тийиштүү мөөнөттө аткарылышын тапшырды.

 

 

Сүрөт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх