Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектиктерге ысык суу качан берилет?

Борбор калаада ысык суу 22-апрелде өчүрүлгөн

Бишкекке ысык суу качан бериле баштаарын “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынын директору Уран Райымбеков билдирди.

Анын айтымында, ысык суу пландаштырылган график боюнча — 1-июндан тарта бериле баштайт.

Райымбеков белгилегендей, 23-майдан тарта борбордо жылуулук тармактарын гидравликалык сыноолор жүргүзүлүүдө.

«Быйыл пландуу оңдоо иштери 40 күнгө созулат. 1-июндан тарта ысык сууну бере баштайбыз, жөндөө дагы 10 күнгө созулат», - деди ишкана жетекчиси.

Эскерте кетсек, Бишкекте ысык суу 22-апрелде өчүрүлгөн.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх