Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаа милициясына мыйзамсыз жүргөн 64 чет элдик жаран жеткирилди - видео

Милиция жана УКМК рейддерди жүргүзүүдө

Бишкекте борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк жарандар арасында ыкчам-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Борбор калаанын милициясы билдиргендей, рейддердин негизги максаты мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле КР мыйзамдарын сактоо болуп саналат.

Рейддин жүрүшүндө ички иштер органдарына 64 мыйзамсыз чет элдик жарандар алынып келинип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 413-беренеси («Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердигин жүргүзүү же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу») боюнча 48 протокол түзүлдү. 264 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх