Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар эми санариптик паспорт менен өлкө ичинде уча алышат

Ал үчүн «Тундук» тиркемесин жүктөп алыш керек

Кыргызстандыктар эми санариптик паспорт менен өлкө ичинде уча алышат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов социалдык тармактар аркылуу билдирди.

«Эми Кыргызстандын ичинде санарип ID паспорту менен уча аласыз. “Манас” эл аралык аэропортунда ички каттамдардын жүргүнчүлөрү «Тундук» мобилдик тиркемеси аркылуу санарип ID паспортун көргөзүп, түйшүксүз уча алышат. Андыктан, паспортуңузду унутуп калсаңыз, кабатыр болбоңуз, Тундук сизге жардам берет! Тундукту Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алыңыз», — деп жазды ал.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх