Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдөгү бардык объектилер туристтик сезонго карата бирдиктүү стилге келтирилет

Ишкерлерге дизайн-код берилди

Ысык-Көлдөгү бардык объектилер туристтик сезонго карата бирдиктүү стилге келтирилет. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Бирдиктүү дизайн-коду иштелип чыгып, ишкерлерге берилди.

«Буга чейин жолдорго ар кандай көрнөк-жарнактар, баннерлер, стримерлер илинип турган. Эми мунун баары алынып салынууда. Кең форматтагы жарнамалар гана калды. Имараттардын фасаддары бирдиктүү форматка чыгарылат. Дизайн-коду буга чейин ишкерлерге берилген. Автомагистральдардагы уруксаты бар объектилер да бирдиктүү форматка киргизилет. Ал эми уруксаатсыз тургузулгандары демонтаждалып жатат», - дейт Мамлекеттик курулуш башкармалыгынын башчысы Эрназарбек Сүйөркулов.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх