Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мекендештерге жардам бергени үчүн. Нью-Йоркто кыргызстандык аял сыйлык алды

Ал АКШда Борбордук Азия жана Чыгыш Европанын жаштары менен иштейт

Кыргызстанда туулган Аннабелль Амир Борбор Азиядан келген Нью-Йорк жаштарын жабыркатуучу “жалгыздык эпидемиясына” каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн “Шаардын руху” сыйлыгын алды. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты.

Тажрыйбалуу социалдык кызматкер, психотерапевт жана жүрүм-турум боюнча талдоочу Амир жаштарды орус, англис, кыргыз, казак, өзбек тилдеринде көрөт. Ал жаштардын психикалык саламаттыгын колдоо программасын иштеп чыккан жана аны Американын Борбордук Азиялык Ассоциациясы (ACAA) аркылуу колдонот.

«Жалгыздык глобалдык пандемияга айланды, өзгөчө жаштар арасында. Жана мен ACAAга жаштарга психикалык ден соолук жөнүндө байланышууга жана сүйлөшүүгө жардам берген аянтчаны түзгөнү үчүн ыраазымын», - деди Аннабелль Амир.

Бул иште ага кызы Айде жардам берет. Экөө жаштарды колдоо программасын иштеп чыгышып, аны топтук терапия сессиялары аркылуу ишке ашырышат. Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы жаштардын Америка коомуна аралашуусуна жана психикалык саламаттыгын чыңдоого жардам берүү үчүн жеке жолугушуулар да өткөрүлөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх