Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сорос-Кыргызстан каржылаган “Литературный Кыргызстан” журналы жабылды

Ал дээрлик 70 жыл бою жарык көргөн

Бишкекте 1955-жылдан бери чыгып келе жаткан орус тилдүү “Литературный Кыргызстан” журналы жабылды.

Журнал көптөгөн жылдар бою Кыргызстандын авторлорунун прозасын, поэзиясын, адабий сынын жарыялап, жаңы ысымдарды ачкан.

1990-жылдан кийин журналдын редакциясы тарабынан “Кыргызстандын көрүнүктүү адамдарынын жашоосу” аттуу китептер сериясы жарык көргөн.

Кийинчерээк журналдын онлайн версиясы 2007-жылдан бери пайда болгон, басылманын ушул версиясы гана жарык көрө баштаган.

Журнал көп жылдардан бери Сорос-Кыргызстан Фондунун жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосун алып келген. Бирок көп өтпөй эле “Сорос-Кыргызстан” фонду жабылып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон “Литературный Кыргызстан” журналы да ушундай тагдырга туш болду.

Эске сала кетсек, апрель айында “Сорос-Кыргызстан” фонду чет элдик агенттер боюнча кабыл алынган мыйзамга байланыштуу Кыргыз Республикасындагы ишин токтотконун билдирген.

Фонд 30 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп, өлкөдөгү түрдүү долбоорлорду колдоого 115 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх