Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадага лицензия жеңип алды

Бул Олимпиада оюндарына жолдомо Кыргызстан үчүн 15чи болду

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды.

Бир күн мурун ал Таиландда өткөн лицензиялык турнирге чыккан. 57 килограммга чейинки салмак ченинде Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чейин жетип, украиналык мушкерден жеңилип калды. Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште кыргызстандык индиялык мушкерди жеңип, Париждеги Олимпиадага катышууну камсыз кылды.

Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарына бул сапар Кыргызстан үчүн 15чи болду.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх