Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы дарыгерлердин айлыгын 50-100% көтөрүүнү убада кылды

«Биз бардыгын эсептеп чыгып, жыйынтыгын министрлер кабинетине тапшырганбыз»

Жакынкы айларда Кыргызстанда бардык категориядагы дарыгерлердин маянасы 50-100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн брифингде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин эсептөөлөр жүргүзүлүп, министрлер кабинетине берилген.

«Жакынкы айларда биз дарыгерлердин, медайымдардын жана кенже медициналык кызматкерлердин айлыгын көтөрөбүз. Биздин финансисттер эсептеп бүтүп, жыйынтыгын министрлер кабинетине тапшырышты», - деди Бейшеналиев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы ошондой эле 2021-жылдан бери медицина кызматкерлеринин маянасы эки эсеге көбөйгөнүн белгиледи.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх